Японияда каза болгондордун саны 213кө жетти

Исикава провинциясынын губернаторлугунан жасалган билдирүүдө айдын биринчи күндөрү болгон жер титирөөдө каза болгондордун саны 213кө жеткени билдирилди.

2087296
Японияда каза болгондордун саны 213кө жетти

Япониянын батышындагы Исикава провинциясында жана бул аймактагы Ното жарым аралынын жээгинде болгон жер титирөөдө каза болгондордун саны 213кө жетти.

Исикава провинциясынын губернаторлугунан жасалган билдирүүдө айдын биринчи күндөрү болгон жер титирөөдө каза болгондордун саны 213кө жеткени билдирилди.

Билдирүүдө 25 миңден ашуун кишинин 400 эвакуация пунктунда жашап жатканы, 3 миң 100 кишинин жабылган жолдордон улам камалып калганы жана 60 миңге жакын кожолуктун электр энергиясы үзгүлтүккө учураганы белгиленди.

Билдирүүдө аймак боюнча жер титирөөдө жараланган 567 кишинин дарыланып жатканы белгиленип, кабар алынбаган 52 кишини издөө иштеринин уланып жатканы бөлүшүлдү.

Борбордук өкмөт жер титирөө зонасында камалып калгандар үчүн Фукуи, Тояма жана Ниигата провинцияларында 10 миң киши үчүн жатакана даярдай турганын жарыялады.

Япониянын метеорологиялык агенттигинин (JMA) маалыматына ылайык, 1-5-январь аралыгында Ното жарым аралында жана Исикава жээгинде күчү 5-7 баллга жеткен көптөгөн жер титирөөлөр болгон.



Тектеш кабарлар