Непалдагы учак кырсыгынын себеби

Непалда 15 -  январда  72 киши каза болгон учак кырсыгына "электрдин жаңылыштык менен өчүрүлүшүнүн" себеп болгондугу белгиленди.

2082227
Непалдагы учак кырсыгынын себеби

Непалда 15 -  январда  72 киши каза болгон учак кырсыгына "электрдин жаңылыштык менен өчүрүлүшүнүн" себеп болгондугу белгиленди. 

Өкмөттүн учак кырсыктарын изилдөө үчүн дайындаган 5 мүчөдөн турган комиссия борбор шаар Катмандудан Похарага баруу үчүн учкан  Yeti Airlinesка таандык   «ATR 72» үлгүсүндөгү жүргүнчү учагынын кыйроосуна байланыштуу акыркы отчетун жарыялады.

Кырсыктын "адамдын жасаган кылмышынан жана кош көңүлдүүлүктөн" чыккандыгы билдирилген отчетко караганда кырсыктын ыктымалдуу себебинин учуу учурунда  учкучтардын "электрдин кокустан өчүрүшү" жана андан кийин чыккан  кыйынчылыктар экендиги белгиленди. 

Отчетто өзгөчө учактын техникалык тейлөөсүнүн талаптагыдай болгондугу, эч кандай кемчилигинин жок экендиги жана экипаждын  өлкөнүн Жарандык авиация башкармалыгынын жобосуна ылайык тандалып алынганы белгиленген.

Yeti Airlines компаниясына таандык "ATR 72" үлгүсүндөгү жүргүнчү учагы 15 - январда Сети дарыясынын өрөөнүнө жакын жерде кырсыкка учурап,  72 киши каза болгон.

Непалдын премьер - министри Пушпа Камал Дахал кырсыкты иликтөө үчүн 5 кишиден турган комиссия түзүү чечимин чыгарды  жана өлкө боюнча 1 күндүк «улуттук аза күтүү» жарыялаган.

Учактын кара кутусу 16-январда табылып, Францияга экспертизага жөнөтүлгөн.

 

 

 



Тектеш кабарлар