АКШ-Австрия биргелешкен билдирүү

Эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери биргелешкен билдирүү жасашты.

2072736
АКШ-Австрия биргелешкен билдирүү

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен Австрия, Израилдин кол салуулары уланып жаткан Газадагы гуманитардык абалдын начарлоосуна тынчсызданганын жана жарандардын корголушу керектигин билдиришти.

Эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери, Австриянын борбор шаары Венада өткөрүлгөн 2023-жылдагы АКШ-Австрия стратегиялык диалогунун алкагында биргелешкен билдирүү жасашты.

Билдирүүдө стратегиялык диалогдо глобалдык жана аймактык коопсуздук маселелеринин талкууланганы айтылды.

2022-жылдын 24-февралынан бери уланып келе жаткан Орусия-Украина согушу менен катар Жакынкы Чыгыштагы окуялардын талкууланганы маалымдалган билдирүүдө, жыйында расизм, антисемитизм жана мусулмандарга каршы жек көрүү менен күрөшүү үчүн ыктымалдуу аракеттердин күн тартибине коюлганы кабарланды.

Билдирүүдө эки тараптын Украинанын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдой тургандыктарын дагы бир жолу баса белгилешти.

Эки өлкө Газадагы гуманитардык абалдын начарлоосуна байланыштуу тынчсызданууларын билдиришип, Газадагы жарандардын корголушу керектигине басым жасашты.

Билдирүүдө тараптардын жолугушууда геосаясий маселелерди чечүүдө трансатлантикалык кызматташтыктын маанилүүлүгүнө көңүл буруп, эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү сактоого жана тереңдетүүгө кызыкдар экени айтылды.



Тектеш кабарлар