Тедрос Адхамон Гебрейесус Газага жардам материалдарын чукул түрдө өткөрүлүшү керектигин айтты

Гебрейесус Х социалдык медиа платформасынан Израиль катуу кол салууларды жасаган жана чоң кыйроого себеп болгон Газа тууралуу маалымат берди.

2071717
Тедрос Адхамон Гебрейесус  Газага жардам материалдарын чукул түрдө өткөрүлүшү керектигин айтты

Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун башкы директору Тедрос Адхамон Гебрейесус Газага негизги жардам материалдарын чукул түрдө өткөрүүнүн башталышы керектигин билдирди.

Гебрейесус Х социалдык медиа платформасынан Израиль катуу кол салууларды жасаган жана чоң кыйроого себеп болгон Газа тууралуу маалымат берди. 

"Газага негизги жардам материалдарын чукул түрдө өткөрүүнү баштап, жок дегенде акыркы ок атышпоо учурунда жеткен деңгээлге алып келели бирок мындан дагы көп нерсе жасалышы керек",- деген Гебрейесус Газадагы жарандарды коргоого, азык  - түлүккө, таза сууга, баш калкалоочу жер, дары  - дармекке муктаждыктардын бар экендигин баса белгиледи. 

Жаралуулардын өмүрүн сактап калуучу камкордукка муктаж экенин, ал эми медициналык кызматкерлердин кызмат көрсөтүү үчүн коргоого жана каражаттарга муктаж экенин белгилеген  Гебрейесус : "Бир нече жолу эскерткенибиздей  калктын массалык түрдө жер которуусу жана кооптуу жашоо шарттары себеп болгон көпчүлүк оорулардын күчөө коркунучун жогорулатат",- деп баа берди. 

Гебрейесус зомбулукту токтотуунун, калган барымталардын бошотулушунун жана Газага карата курчоонун акырына чыгышы керектигин баса белгиледи. 

 



Тектеш кабарлар