Туткундар алмашты

Хамас менен Израилдин ортосунда түзүлгөн туткун алмашуу келишиминин негизинде Израиль абактарынан 33 палестиналык туткун бошотулду. Алардын ичинен  отузу аялдар жана  үчөөсү балдар.

2069801
Туткундар алмашты

Хамас менен Израилдин ортосунда түзүлгөн туткун алмашуу келишиминин негизинде Израиль абактарынан 33 палестиналык туткун бошотулду. Алардын ичинен  отузу аялдар жана  үчөөсү балдар.

Бошотулган туткундардын арасында оккупациядагы Батыш Шериада жашагандар Эл аралык Кызыл Чырым уюмуна таандык автобус менен Израилдин Офер аскердик абагынан чыгып, Рамаллага барышты.

Палестиналык туткундарды тосуп алуу үчүн Бейтунья шаарында чогулгандарга Израиль аскерлери көздөн жаш агызуучу газ жана чыныгы ок менен кийлигишти.

Палестина Саламаттыкты сактоо министрлиги Израиль аскерлеринин ок атуусу менен бир палестиналыктын өлтүрүлгөндүгүн маалымдады.

Чыгыш Кудста жашаган бала туткундар да Израиль полициясы тарабынан үй  - бүлөлөрүнө тапшырылды. Израиль полициясы Чыгыш Кудста бошотулган палестиналык туткундардын үйлөрүнү айланасына жайгашты, жолдордо көзөмөлдөө пункттары курулду.

Айрым палестиналык туткундардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзгөн Израиль полициясы үй - бүлөлөрдү «майрам өткөрбөө жана үйлөрдө чогулбоо» боюнча эскертти.

Хамас менен Израилдин ортосунда түзүлгөн келишимдин алкагында Газа тилкесинен израилдик аялдар жана балдар болгон  50 туткун, Израиль абактарынан да палестиналык аял жана балдар болгон 150 туткун бошотулган болду.

Израиль менен Хамастын ортосундагы кагылышууларга 4 күн «гуманитардык тыныгуунун» берилишине байланыштуу макулдашуу  24 – ноябрь жума күнү Түркия убактысы боюнча саат 08:00дө күчүнө кирген.

 



Тектеш кабарлар