Сомалиде катуу жамгыр: 55 киши каза болду

Апааттан 1,5 миллион кишинин жабыр тартканы, 700 миң кишинин көчүп кеткени белгиленди.

2067489
Сомалиде катуу жамгыр: 55 киши каза болду

Сомалиде нөшөрлөгөн жамгырдан улам жүргөн селден каза болгондордун саны 55ке жетти.

Сомалинин Апатты башкаруу агенттигинин (SODMA) төрагасы Мохамуд Моаллин Абдулле, өзгөчө Хираан, Бакол, Бей жана Гедо аймактарынын катуу жамгыр жана селден таасирленгенин айтты.

Ашыкча жаан жана селден улам каза болгондордун санынын 55ке жеткенин кабарлаган Абдулле, апааттан 1,5 миллион кишинин жабыр тартканын, 700 миң кишинин жер которгондугун белгиледи.

Селдерден мал чарбасы да терс таасирленип, бир топ айыл чарба жерлери зыян тартты.

Селден кийин Сомалинин кээ бир аймактарында «өзгөчө абал» жарыяланды.



Тектеш кабарлар