Индонезиядан АКШга "Газа" чакырыгы

АКШнын президенти Жо Байден менен Индонезиянын президенти Жоко Видодо Вашингтондо жолугушту.

2064178
Индонезиядан АКШга "Газа" чакырыгы

Индонезиянын президенти Жоко Видодо Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байденди Газада болуп жаткан зулумду токтотуу үчүн көбүрөөк аракет кылууга чакырды.

АКШнын борбор шаары Вашингтондо жолугушкан АКШнын президенти Жо Байден менен Индонезиянын президенти Жоко Видодо эки тараптуу сүйлөшүүдөн мурда журналисттерге билдирүү жасашты.

Байден өз сөзүндө эки өлкөнүн карым-катнаштарына маани бергендерине токтолуп, эки тараптуу мамилелерди ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрө тургандарын белгиледи.

Видодо болсо эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштардын маанисине басым жасап, мындай деди:

«Индонезия Америка Кошмо Штаттары менен өнөктөштүгүбүз аймактык жана глобалдык тынчтыкка, гүлдөп-өнүгүүгө салым кошот деп үмүттөнөт. Ошондуктан Индонезия Кошмо Штаттарын Газадагы мыкаачылыктарды токтотуу үчүн көбүрөөк аракет көрүүгө чакырат. Ок атышууну токтотуу адамзат үчүн зарылчылык».

Байден менен Видодо эки тараптуу жолугушуудан кийин биргелешкен жазуу түрүндөгү билдирүү жарыялашты. Билдирүүдө Индонезия-АКШ мамилелери «ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк» деңгээлине көтөрүлгөндүгү белгиленди.

Бул өнөктөштүктүн алкагында инновация, туруктуу өнүгүү, коомдук саламаттыкты сактоо, санариптик трансформация жана таза энергия сыяктуу тармактарда эки тараптуу кызматташтыктын жүргүзүлөрү маалымдалган билдирүүдө, эки өлкөнүн ортосундагы коргонуу кызматташтыгынын да бекемделе турганы айтылды.



Тектеш кабарлар