Россиянын Украинадагы аскердик кыймылдары

Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу өткөн айда 37 украин учагынын атып түшүрүлгөнүн билдирди.

2059064
Россиянын  Украинадагы аскердик кыймылдары

Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу өткөн айда 37 украин учагынын атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Сергей Шойгу борбор шаар Москвада Украинада жүргүзүлгөн «атайын операция» тууралуу маалымат берди.

Украина армиясынын Запорежье, Донецк жана Херсон багыттарында  орус бөлүктөрүнө каршы "ийгиликсиз кол салгандыгын"  белгилеген Шойгу : "Душмандын бул үмүтсүз кыймылдары Украина армиясынын кызматкерлеринин арасында оор жоготуларга себеп болууда",- деди. 

Шойгу  НАТОнун жаңы үлгүдөгү курал - жарактарынын тапшырылганына карабастан Киев жеңилгендигин белгилеп, орус бөлүктөрүнүн активдүү коргонууну улантып жаткандыгын,  алдыга жылганын жана дагы жакшы  позицияларды ээлегенин айтты.

Россиянын абадан коргонуу бөлүктөрүнүн фронтто ийгиликтүү иш алып баргандыгын белгилеген Шойгу : "Өткөн айда  37 учак жана Америкада чыгарылган  6 ATACAMS ракетасы да болгон  душмандын 1400дөн аба бутасы жок кылынды»,-деди.

Орус министри Батыштын Украинага  Ф  - 16 аскердик учактарын берүүнү пландап жатканын эске салып : "Жок кылынган 37 учактын  Украинага жеткирилиши кепилдикке алынган Ф  - 16  учактарынын дээрлик эки эсе көп экенин белгилегим келет. Бул Ф  - 16ларды жок кылуу үчүн абадан коргонуу системаларынын 20 күн иштеши жетиштүү болот",- деди.  

2022 -  жылы  24 -  февралда Россиянын  президенти Путин Украинаны оккупацияга алууну буйрук кылып, Россия -  Украина согушу башталган. 

Путин Киевдин НАТО мүчөлүгүнө тоскоол болуу жана аны Россиянын таасири астында кармоо үчүн өлкөнү демилитаризациялоону жана нацизмди жоюуну максат кылып жатканын айтты.

 



Тектеш кабарлар