Карабахтагы армян башкаруусунун мурдагы президенти Арайик Арутюнян кармалды

Азербайжан басма сөзүндөгү кабарда Карабах аймагындагы армян башкаруусунун мурдагы “президенти” Арайик Арутюняндын Азербайжандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалгандыгы  кабарланды.

2046170
Карабахтагы армян башкаруусунун мурдагы президенти Арайик Арутюнян кармалды

Азербайжандын Карабах аймагындагы армян башкаруусунун  мурдагы президенти Арайик Арутюнян кармалды.

Азербайжан басма сөзүндөгү кабарда Карабах аймагындагы армян башкаруусунун мурдагы “президенти” Арайик Арутюняндын Азербайжандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалгандыгы  кабарланды.

Арутюнян 2020 - 2023 - жылдардын аралыгында дүйнөнүн бир дагы өлкөсү тааныбаган Карабахта армян башкаруусунун «президенти» болуп иштеген жана 2023 - жылдын 31 - августунда кызматынан кеткенин жарыялаган.

Арутюнян 2020 - жылы Экинчи Карабах согушу учурунда Армения армиясынын Азербайжандын экинчи чоң шаары Генженин шаар борборуна ракеталык чабуулу үчүн буйрук бергендигин айткан. 

Карабахтаны армян башкаруусунун мурдагы "президенттери" Аркадий Гукасян жана Бако Сахакян менен башкаруунун мурданы  спикери Давид Ишханяндын да кармалгандыгы жана жасаган согуштук кылмыштарынан улам соттолуу үчүн борбор шаар Бакуга алып барылгандыгы маалымдалды. 

Азербайжан мындан мурда  армян башкаруусунун  мамлекеттик министри Рубен Варданян менен аталган башкаруунун армиясынын мурдагы командири Левон Мнацаканянды Карабахтан качып бараткан жеринен чек ара бекеттеринен камакка алган.

Армян басма сөзүндөгү кабарда аталган башкаруунун мурдагы мамлекеттик министри Артур Арутюнян, башкаруунун  мурдагы ички иштер министри Карен Саркисян жана башкаруунун коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Арарат Мелкуняндын  Карабактан качып Арменияга баргандыгы билдирилди. 

 



Тектеш кабарлар