Ирандын жээктеринде мунай куурунан мунай зат деңизге агып чыкты

Ирандын расмий маалымат агенттиги IRNA, Генаве айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынын бул тууралуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады.

2042625
Ирандын жээктеринде мунай куурунан мунай зат деңизге агып чыкты

Ирандын жээктеринде мунай куурунан мунай зат деңизге агып чыгууда.

Ирандын Перс булуңундагы Харк аралында бир айдан ашык убакыттан бери уланып жаткан мунай куурундагы агып кетүү Генаве портуна терс таасирин тийгизүүдө.

Ирандын расмий маалымат агенттиги IRNA, Генаве айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынын бул тууралуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүн жарыялады.

Билдирүүдө, «Харк аралына куурдан агып жаткан мунай Генаве жээгине жетти жана ар кандай терс жагдайларды болтурбоо үчүн деңизде сүзүүгө тыюу салынды»,-деп айтылды.

Бушер порттору жана деңиз иштери боюнча башкы мүдүрү Мохаммед Шакиби Насаб 22-сентябрдагы билдирүүсүндө мунай газы агып кеткен жердеги мунай куурун жабуунун татаал процесс болгонун айтты.

Ирандын расмий өкүлү агып кеткен мунай затты тазалоо аракеттери абдан көп убакытты жана машакатты талап кылаарын билдирди.

Аймакта өткөн жылы да мунай заттын агып чыгуусу болгондугу билдирилсе, мындай абалга Ирандын мунай куурларынын эскилиги себеп болууда.



Тектеш кабарлар