Байден Тынч океан аралдарынын лидерлерин кабыл алды

Тынч океан өлкөлөрү менен күчтүү өнөктөштүк түзүү тууралуу билдирүүлөрдү берген Байден бул контекстте таштаган кадамдарына токтолду.

2042263
Байден Тынч океан аралдарынын лидерлерин кабыл алды

АКШнын президенти Жо Байден Тынч океан аралдарынын лидерлери менен жолугушту.

Жо Байден кечээ башталган жана эки күнгө созула турган 2-АКШ-Тынч океан аралдары форумунун (PIF) саммитинин алкагында Ак үйдө PIF лидерлерин тосуп алды.

Тынч океан өлкөлөрү менен күчтүү өнөктөштүк түзүү тууралуу билдирүүлөрдү берген Байден бул контекстте таштаган кадамдарына токтолду.

Байден климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу деңиз суусу деңгээлинин көтөрүлүшүнүн Тынч океан аралдары өлкөлөрү үчүн экзистенциалдык коркунуч жаратышы мүмкүн деген эскертүүлөрдөн кабардар экенин белгилеп, бул аймакка климаттык кризис жана табигый кырсыктарга даярдык максатында 20 миллион доллардан ашык кошумча жардам бере тургандарын жарыялады.

Байден Тынч океан аралдарынын инфраструктуралык демилгесинин алкагында бул өлкөлөрдүн инфраструктурасына 40 миллиард долларлык инвестиция салуу үчүн да администрациясынын Конгресс менен иштеп жатканын билдирди.

АКШнын Индо-Тынч океан аймагынын эркин, ачык, гүлдөп өнүккөн жана коопсуз болушун камсыздоодо чечкиндүү экенин белгилеген Байден, ушул максаттын алкагында коопсуздук тармагында аймак өлкөлөрү менен бирге иштеше тургандарын маалымдады.

Ал арада Соломон аралдарынын премьер-министри Манассе Согаваре саммитке келген жок. Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 78-Башкы ассамблеясына катышкандан кийин өлкөсүнө кайтып барган Согаверенин келбей калышын АКШлык жетекчилер «көңүл калуу» деп сыпатташты.

Согавере былтыр АКШ менен Тынч океан аралдарынын биргелешкен декларациясына кол койгон эмес. Соломон аралдары ошондой эле Кытай менен коопсуздук келишимине кол коюу менен көңүлдөрдү бурган.

Вануату премьер-министри Сато Килман болсо өлкөсүнүн парламентинде өтө турган ишеним добушунан улам саммитке катыша алган жок.



Тектеш кабарлар