Азербайжан Карабахтагы армян калкына жардам жөнөттү

Азербайжан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Карабах аймактык директору Мирали Фейзиев Карабахтагы армян калкынын муктаждыктарынын камсыз кылынышы үчүн гуманитардык жардамрады уланта тургандарын айтты.

2041002
Азербайжан Карабахтагы  армян калкына жардам жөнөттү

 Азербайжандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Карабахтагы армяндардын чукул муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн жөнөтүлө турган гуманитардык жардам материалдарын ташыган унаалар аймакка карай жолго чыкты.

Азербайжандын Евлах шаарында кечээ Азербайжан бийликтери менен Карабахтагы армян калкынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда гуманитардык жардам маселеси да күн тартибинде орун алды.

Армян калкынын өкүлдөрү Азербайжандан аймактагы армяндардын чукул муктаждыктарынын камсыз кылынышын суранышкан.

Бул талап боюнча Азербайжандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан даярдалган гуманитардык  жардамдарды ташыган 2 фура жана 2 жүк ташуучу унаа Агдам шаарына карай жолго чыкты.

40 тонна азык  - түлүк жана тазалык каражаттары менен нан ташыган унаалар Агдам аркылуу өтүп, армян калкы жашаган Ханкенди шаарына барат жана жардамдар аймактагы муктаждарга таратылат.

Азербайжан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Карабах аймактык директору Мирали Фейзиев Карабахтагы армян калкынын муктаждыктарынын камсыз кылынышы үчүн гуманитардык жардамрады уланта тургандарын айтты.

Азербайжан президентинин кеңешчиси Хикмет Гаджиев да Карабакта жарадар болгон армян аскерлерине медициналык жардам көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдирди.

Азербайжан армиясы конституциялык түзүлүштү орнотуу үчүн 19-сентябрда Карабахта антитеррордук операция баштаган.

Карабахтагы мыйзамсыз Армения куралдуу күчтөрү болжол менен 24 саатка созулган операциядан кийин куралдарын таштаган.



Тектеш кабарлар