Меккеде эл аралык ислам конференциясы өтүп жатат

Конференция Сауд Арабиянын падышасы Салман бин Абдулазиздин колдоосу астында өтүүдө.

2023892
Меккеде эл аралык ислам конференциясы өтүп жатат

Сауд Арабиянын Мекке шаарында 85 өлкөдөн 150 диниятчы катышкан Эл аралык Ислам конференциясы башталды.

Конференция Сауд Арабиянын падышасы Салман бин Абдулазиздин колдоосу астында өтүүдө.

Коммуникация жана интеграция темасындагы конференция дүйнө жүзүндөгү дин иштери, фатва бөлүмдөрү жана дин иштери боюнча бөлүмдөр менен байланыш түзүүнү көздөйт.

Сауд Арабиянын Ислам иштери, чакыруу жана хидаят министринин орун басары Ивад ал-Анези эки күндүк конференциянын ачылыш сөзүндө Ислам дининин негиздеринин бекемделишине салым кошо турган орток көз карашка жетишүүнү максат кылгандарын белгиледи.

Конференциянын алкагындагы сессияларда «Ислам жана мусулмандарга кызмат кылуу, элдердин ортосундагы сабырдуулук, жанаша жашоо баалуулуктарын жайылтуу маселелери боюнча дин жана дин иштери боюнча бөлүмдөрдүн аракеттери жана алардын ортосундагы байланышты бириктирүү, ошондой эле ислам биримдигин чыңдоо, Куран жана Пайгамбардын сүннөттөрүн бекем кармануу» деген темалар талкууланат.

Сессияларда ошондой эле «экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү» багытында дин иштери боюнча бөлүмдөрдүн аракеттери жана анын коомду атеизмден коргоодогу ролу талкууланат.



Тектеш кабарлар