ДССУ Эфиопиядагы кагылышууларды токтотууга чакырды

Гебреисус мурда Твиттер болгон  X социалдык медиа платформасы аркылуу Амхарадагы чыр-чатактар ​​тууралуу бөлүштү.

2021070
ДССУ Эфиопиядагы кагылышууларды токтотууга чакырды

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Адханом Гебреисус Эфиопиянын эң көп калктуу экинчи аймагы болгон Амхарада уланып жаткан зордук-зомбулуктан тынчсызданганын билдирди.

Гебреисус мурда Твиттер болгон  X социалдык медиа платформасы аркылуу Амхарадагы чыр-чатактар ​​тууралуу бөлүштү.

«ДССУ Эфиопиянын экинчи эң жыш аймак болгон Амхарадагы зомбулукка тынчсызданууда» деген Гебреисус, жолдордун жабылышынан улам гуманитардык жардамды жеткирүүдө жана интернеттин убактылуу токтотулушуна байланыштуу коммуникацияда кыйынчылыктар болгонун белгиледи.

Гебреисус:«Чыр-чатактар ​​адамдардын ден-соолугуна түздөн-түз таасирин тийгизет. Бул саламаттык сактоо системалары үчүн олуттуу жана узакка созулган кесепеттерге алып келиши мүмкүн»,-деп айтты.

Амхарадагы саламаттыкты сактоо кызматтарына үзгүлтүксүз жетүүгө жана коргоого чакырган Гебреисус, ошондо гана ДССУ жана анын өнөктөштөрү өз ишин уланта аларын билдирди.

Башкы катчы Гебреисус «Баарынан тынчтык жогору турат» дешкендерин баса белгиледи.

Эфиопияда федералдык өкмөт 4-августта Амхара районунда армия менен жергиликтүү куралдуу күчтөрдүн ортосундагы кагылышуулардын курчушуна байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялаган.



Тектеш кабарлар