БУУ Израилдин Женин кол салуусу тууралуу маалымат берди

БУУ Израиль күчтөрүнүн 48 саатка жакын абадан жана кургактыктан кол салууларынын натыйжасында Женин качкындар лагериндеги 460 үйдүн зыян тарткандыгын, 40 үй-бүлөнүн жер которгондугун жарыялады.

2009840
БУУ Израилдин Женин кол салуусу тууралуу маалымат берди

Бириккен Улуттар Уюму Израиль күчтөрүнүн 48 саатка жакын абадан жана кургактыктан кол салууларынын натыйжасында Женин качкындар лагериндеги 460 үйдүн зыян тарткандыгын, 40 үй-бүлөнүн жер которгондугун жарыялады.

БУУнун басма сөз катчысы Стефан Дужаррик күнүмдүк маалымат жыйынында бул тууралуу маалымат берди.

БУУнун Палестина гуманитардык иштер боюнча координатору Линн Хастингс менен кээ бир мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн дем алыш күндөрү Женин качкындар лагерин зыярат кылганын белгилеген Дужаррик, гуманитардык жардам өнөктөштөрү менен бирге чыгымдарды аныктоо иштеринин жүргүзүлгөндүгүн  айтты.

Дужаррик : "Израиль армиясынын операцияларынын натыйжасында 460 үй жабыркап, 70 үй кыйрап же жараксыз абалга келди. 40 үй-бүлө жер которууга мажбур болду. Лагерде суу жок". билими менен бөлүштү.

БУУнун топторунун чукул жардам көрсөткөнүн белгилеген Дужаррик, ошол эле учурда медициналык жардам жана психологиялык колдоолордун берилгенин айтты.



Тектеш кабарлар