Судандагы кагылышуулар

Согуштук учактар ​​колдонулган кагылышууда борбордо замбиректин ок атуулары угулуп, түтүн көтөрүлүп жатканы байкалды.

2004071
Судандагы кагылышуулар

Судандын борбор шаары Хартумда армия менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн (HDK) ортосунда оор жана жеңил куралдар колдонулган айыгышкан кагылышуулар болду.

Күбөлөрдүн айтымында, Хартумдагы Умдурман жана Бахри шаарлары оор жана жеңил куралдар колдонулган кагылышууларга күбө болушкан.

Согуштук учактар ​​колдонулган кагылышууда борбордо замбиректин ок атуулары угулуп, түтүн көтөрүлүп жатканы байкалды.

Атын атагысы келбеген аскердик булактар, HDKнын Хартумдун түштүгүндөгү полиция күчтөрүнүн ичиндеги ыкчам күчтөрүнүн штабына кол салганын билдирди.

Булак, ыкчам күчтөрдүн мүчөлөрү чабуулдун мизин майтарып, HDK олуттуу жоготууларга учураганын белгиледи.



Тектеш кабарлар