Сомалиде болгон абадан кол салуу

Сомалиде АКШнын абадан кол салуусунда террордук уюм Еш  -  Шебабдын  тышкы операциялар боюнча лидери Осман Мохамед Абди жараланды

1990195
Сомалиде болгон абадан кол салуу

Сомалиде АКШнын абадан кол салуусунда террордук уюм Еш  -  Шебабдын  тышкы операциялар боюнча лидери Осман Мохамед Абди жараланды.

Сомали өкмөтүнөн берилген маалыматта абадан кол салууларда уюмдун жараланган мүчөсү Абдинин чет өлкөлүктөрдү өлкөгө алып келүү, уюмдун идеяларын жана пропагандасын жеңилдетүү жана тышкы байланыштар тобун башкаруу милдетин алганы белгиленди.

Операцияда Ортоңку Жубба аймагындагы Жилиб шаарында уюмдун лидери жашырынган үй бутага алынды.

Билдирүүдө : «Бул уюмдун лидери террордун жайылышын жеңилдеткендей эле чет элдик террористтреди өлкөгө алып келүү боюнча жооптуу болгон кылмышкер»,- деп айтылды.

АКШнын Африка командирлиги да  2023 -  жылдын  20 -  майында Жилиб шаарында Еш  -  Шебага карата абадан кол салгандыгын билдирди.



Тектеш кабарлар