БУУ Сомали үчүн чукул жардамга чакырды

Бириккен Улуттар Уюму  Сомалиде 22 адамдын өмүрүн алган сел апаатынан жапа чеккендер үчүн эл аралык коомчулукту чукул жардам көрсөтүүгө чакырды.

1988661
БУУ Сомали үчүн чукул жардамга чакырды

Бириккен Улуттар Уюму  Сомалиде 22 адамдын өмүрүн алган сел апаатынан жапа чеккендер үчүн эл аралык коомчулукту чукул жардам көрсөтүүгө чакырды.

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) тарабынан жасалган билдирүүдө, Шабель дарыясындагы селдин акыркы 30 жылдын эң жаманы болгондугу баса белгиленип, Беледвейн шаарынын 79 пайызынын суу астында калганы билдирилди.

Билдирүүдө 200 миңден ашуун адамдын жер которгондугу, тез арада тамак-аш жана суу муктаж экендиги, суусуздукка байланыштуу  оорулардын күчөгөнү белгиленди.

Эл аралык коомчулук Беледвейне шаарына жана селден жабыркаган аймактарга жардам берүүгө  чакырылган билдирүүдө өкмөттүн аймакка чукул азык-түлүк жардамын жеткире баштаганы белгиленди.

Ушул кезге чейин 460 миң кишиге тескери таасирин тийгизген апааттан улам 22 киши каза болду. Сел катуу болгон аймакта холера жана безгек  сыяктуу эпидемиялык оорулардын көбөйүшүнөн тынчсыздануулар болууда.

 


 



Тектеш кабарлар