Столтенберг маалымат жыйынын өткөрдү

Столтенберг Швециянын мүчөлүгүнө байланыштуу суроого: «Финляндиянын кошулуусу Швециянын коопсуздугун дагы да жогорулатат. Процесс туюк эмес»,-деп жооп берди.

1970142
Столтенберг маалымат жыйынын өткөрдү

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Швециянын НАТОго мүчөлүк процессинин туюк эмес экенин айтты.

Столтенберг Бельгиянын борбор шаары Брюсселде НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынынын биринчи күнүнүн алкагында өткөрүлгөн НАТО-Украина комиссиясынын жыйналышынан кийин маалымат жыйынын өткөрдү.

Финляндиянын НАТО мүчөсү катары катышкан биринчи жыйын экенин эске салган Столтенберг, Украинадагы согуш жана бул өлкөнүн өзүн коргоо жана Евро-Атлантика аймагынын бир бөлүгү болуусу үчүн көрсөтүлө турган колдоону сүйлөшкөндөрүн айтты.

Столтенберг Швециянын мүчөлүгүнө байланыштуу суроого: «Финляндиянын кошулуусу Швециянын коопсуздугун ого бетер жогорулатат. Процесс туюк эмес»,-деп жооп берди.

Бир нече жума мурун президент Режеп Таййип Эрдоган менен өткөргөн сүйлөшүүдөн кийин бул процессти кайрадан баштоону макулдашкандарын белгилеген Столтенберг: «Бул жерде НАТОнун штаб-квартирасында Финляндия, Швеция жана Түркия менен жыйын өткөрдүк. Биз дагы сүйлөшүүгө макул болдук жана тынымсыз кеңешүүлөр болууда. Швециянын кошулуусу темасында да прогресске жетишүү үчүн ар кандай деңгээлдеги иштерди улантып жатабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар