АКШнын Алабама, Миссисипи сыяктуу штаттарында бороондун көбөйүшү күтүлүүдө

Американын метеорология коомунун бюллетенинде жарыяланган изилдөөдө, орточо жылуулук сценарийине ылайык, бул кылымдын акырында суперселл (капысынан катуу) аба ырайынын АКШда 6,6 пайызга, түштүк штаттарында 25,8 пайызга көбөйүшү күтүлүүдө.

1966847
АКШнын Алабама, Миссисипи сыяктуу штаттарында бороондун көбөйүшү күтүлүүдө

Климаттын өзгөрүшүнүн негизинде  дүйнөдө температуранын жогорулашы менен АКШнын Алабама, Миссисипи жана Теннесси сыяктуу түштүк штаттарында өлүмгө алып келген бороондун көбөйүшү күтүлүүдө.

Американын метеорология коомунун бюллетенинде жарыяланган изилдөөдө, орточо жылуулук сценарийине ылайык, бул кылымдын акырында суперселл (капысынан катуу) аба ырайынын АКШда 6,6 пайызга, түштүк штаттарында 25,8 пайызга көбөйүшү күтүлүүдө.

Отчеттун автору, Түндүк Иллинойс университетинин метеорология профессору Уолкер Эшлинин изилдөөнү кылымдын аягына чейин көмүртектин булганышынын ар кандай деңгээлдери эске алынган компьютердик симуляция менен жүргүзүшкөндөрүн айтты.

25-мартта Миссисипиде 26 адамдын өмүрүн алган акыркы катуу торнадо окуясынын болжолдонгон моделге туура келгенине көңүл бурган Эшли мунун көп жылдар бою чоң аймак үчүн жасалган климаттык божомолдордон айырмаланган бир гана табият кубулушу экендигине көңүлдөрдү бурду.

Эшли АКШнын түштүк аймактарынын ысык жана кургак болуп бара жаткандыгын, ошол эле учурда ысып бара жаткан Мексика булуңунан келген суулуу жана туруксуз абанын кагылышуусу менен «суперселл» окуяларнын ортого чыккандыгын белгиледи.

Феврал жана март айларынын өткөн жылдарга салыштырмалуу жылуураак болгонуна көңүлдөрдү бурган Эшли «суперселл» окуяларынын жаздын башында көп кездешкенин, июль жана август айларында «суперселддин» пайда болушунда кыйынчылыктын болгондугун айтты.

Эшли «Кудайдын бармагы» деп аталган «суперклеткалык» аба кубулушары мурунтадан болжолдоло албаган, кичинекей масштабдуу, узун, анвил түрүндө көк жүзүн каптаган, табияттын эң күчтүү бороону экендигин, күтүлбөгөн жерден олуттуу торнадолорду жана мөндүрдү пайда кылат жана бир нече саатка созулушу мүмкүн экендигин белгиледи.

Supercell менен байланыштуу катаал аба ырайынын кесепетинен 2013-жылы Оклахома штатында 51 адам, 2011-жылы Алабама, Миссисипи жана Теннесси штаттарында 320дан ашуун адам каза болгон.

 



Тектеш кабарлар