Нооруз майрамы майрамдалууда

Америка Кошмо Штаттарында Ак үйдө да Нооруз майрамынан улам майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

1962534
Нооруз майрамы майрамдалууда
kirgiz nevruz.jpg
beyaz saray nevruz.jpg

Ирактыктар жаздын башталышы болгон Нооруз майрамын Керкүк шаарынын борборунда белгилешти.

Тарыхый Керкүк чебинде жана Баба Гүргүр паркында өткөрүлгөн иш-чарага  жылдагыдай эле көп сандаган керкүктүк катышты.

Майрамдык аянттарда күчөтүлгөн коопсуздук чаралары көрүлдү.

Керкүк калкы Ноорузду «достук жана бир туугандык майрамы» деп мүнөздөп, майрамдын бүткүл өлкөдө, өзгөчө Керкүктө тынчтыктын  болушун каалашты.

Жаздын башталышы болгон Нооруз майрамынан улам Ирактын көптөгөн шаарларында түрдүү иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Хижри Шамси календары боюнча Иранда Нооруз жыл сайын 21-мартта белгиленет.

Нооруз майрамынын алкагында борбор шаар Тегеранда «Iran Mall» соода борборунда иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарада көрүүчүлөргө музыканын коштоосунда бийлеген суу фонтаны жана жарык шоу тартууланды.

Кыргызстандын борбору Бишкектеги ипподромдо да Нооруз майрамынын алкагында ат оюндары өттү. Майрамдын негизинде көк бөрү ойнолду.

Өзбекстанда Ташкентке жакын Бектемир маалысынын тургундары акимчилик имаратынын алдында чогулуп, Ноорус майрамына караташаан  - шөкөт уюштуоуп, майрамдык атайын тамактар  жасалып, сүмөлөк бышырылды. 

Америка Кошмо Штаттарында Ак үйдө да Нооруз майрамынан улам майрамдык иш-чара өткөрүлдү.

АКШнын президенти Жо Байдендин жубайы Жилл Байдендин жетекчилигинде өткөн иш-чарага Нооруз майрамын белгилеген өлкөлөрдөн жана коомчулуктан өкүлдөр катышты.

Президент Байден: «Үйңүздөргө кош келиңиздер»,-  деп катышуучуларды Нооруз майрамы менен куттуктады. 

Нооруз майрамынын быйыл оор мезгилге туш келгенин айткан Байден Түркия жана Сириядагы жер титирөөдөн жабыркагандарды да эскерди.

Байден Ирандагы нааразылык акцияларына көңүл буруп, Иран калкы менен тилектештик ичинде экендигин билдирди.

Бириккен Улуттар Уюмунун  Башкы ассамблеясы 2010-жылы 3000 жылдан бери белгиленип келе жаткан бул майрамды Дүйнөлүк Нооруз сайрамы деп жарыялаган.
 

 



Тектеш кабарлар