Сомалиде террордук уюм Эш - Шабаб кол салды

Кол салууда  10 кишинин алардын ичинен 4 аскер, 6 жарандын каза болгондугу билдирилди.

1949868
Сомалиде террордук уюм Эш  -  Шабаб кол салды

Кечээ Сомалиде террордук уюм Эш - Шабаб тарабынан Сомали армиясынын генералдарынан Мухаммед Х.Габарейдин борбор шаар Могадишодогу үйүнө жасалган кол салууда 10 киши каза болду.

Маалымат министрлигинен берилген билдирүүдө кол салгандардан бирөөсүнүн алгач бомба жүктөлгөн жилет менен үйдүн кире бериш эшигин жардырганы, андан соң уюм мүчөлөрү менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда кагылышуунун чыккандыгы билдирилди.  

Маалыматта кол салууда  4 аскер, 6 жаран болгон 10 кишинин каза болгондугу билдирилди.

Билдирүүдө кол салууну ишке ашырган Эш - Шабаб уюмунун мүчөлөрүнүн таасирсиз абалга келтирилгендиги, Эш  - Шебабга каршы  жүргүзүлгөн операцияларда жараланган кээ бир аскерлердин дарылангандыгы маалымдалды.

 



Тектеш кабарлар