АКШда каттамдарды жокко чыгаруу башаламандыгы уланууда

10 миң жүргүнчүнүн учуусун токтоткон Southwest Airlines бүгүн да 2 миң 357 каттамды жойду.

1925567
АКШда каттамдарды жокко чыгаруу башаламандыгы уланууда

Өткөн аптада Америка Кошмо Штаттарын (АКШ) каптаган кар бороонунан кийин каттамдарды жокко чыгаруу башаламандыгы уланууда.

10 миң жүргүнчүнүн учуусун токтоткон Southwest Airlines бүгүн да 2 миң 357 каттамды жойду.

FlightAware сайтына караганда, АКШда бүгүн токтотулган 2451 рейстин 2357си Southwest Airlines авиакомпаниясына таандык.

Далластагы авиакомпания, аба ырайынын начар шарттарынын себебинен учууларды жокко чыгаруунун улана турганын эскертти.

Кар бороонунан бери учуу планын калыбына келтире албаган жалгыз авиакомпания болгон Southwest, жүргүнчүлөр менен жетекчилердин сынына кабылган.

АКШнын транспорт министри Пит Буттигиг CNN телеканалына жасаган билдирүүсүндө, Southwest Airlines авиакомпаниясынын каттамдардын токтотулушу үчүн "жоопкерчиликке тартыларын" айтып: «Жүргүнчүлөрү менен жүктөрүн айтпай эле коелу Southwest жада калса өз экипажынын кайда экенин аныктай албай жатат. Алардын системалары чындап эле бузулган»,-деди.

Southwest Airlines компаниясынын жетекчиси Боб Жордан да өзү бөлүшкөн видеодо үзгүлтүктөр үчүн жүргүнчүлөр менен кызматкерлерден кечирим сурады.

10000ден ашуун каттамдары токтотулган Southwest Airlines үчүн федералдык өкмөт тарабынан башталган иликтөө уланууда.



Тектеш кабарлар