Филиппинде селден каза тапкандардын саны көбөйдү

Апаат коркунучун азайтуу жана башкаруу боюнча улуттук башкармалыгы билдирүү жасады.

1925214
Филиппинде селден каза тапкандардын саны көбөйдү

Филиппинде нөшөрлөгөн жамгырдан кийинки селден каза тапкандардын саны 32ге жетти.

CNN телеканалынын кабарына караганда, Апаат коркунучун азайтуу жана башкаруу боюнча улуттук башкармалыктын билдирүүсүндө, селден каза болгондордун саны 32ге жеткени, 11 кишинин жаракат алганы, 24 кишинин болсо дайынсыз болуп жатканы белгиленди.

Билдирүүдө, каза болгон 32 кишинин кеминде 16сынын Минданао аймагынан экени, аймактын апааттан эң көп жабыркаган жерлердин башында турганы кабарланды.

Өлкөнүн 18 облусу менен кошо 6 аймакта нөшөрлөгөн жамгырдан улам жүргөн селден 56 миң 110 кишинин эвакуацияланганы белгиленген билдирүүдө, болжол менен 486 миң кишинин таасирленгени, кеминде 81 миң кишинин убактылуу баш калкалоочу жайларга баш калкалаганы маалымдалды.

Апаттан 4 миң 68 үйдүн зыян тартканы, 123 жол, 12 көпүрөнүн селден бузулганы жана көп сандаган үйгө электр жарыгы берилбей калганы айтылды.

Жыл сайын 20 чакты тайфун, бороон сыяктуу апаттарга кабылган Филиппин табигый кырсыктардан эң көп жапа чеккен өлкөлөрдүн бири болуп саналат.



Тектеш кабарлар