Россияда беш кабаттуу имаратта жарылуу болду

Жарылууда тогуз киши каза болуп, тогуз киши жаракат алды.

1908262
Россияда беш кабаттуу имаратта жарылуу болду

Россиянын Сахалин аралында  беш кабаттуу бир имаратта болгон жарылууда тогуз киши каза болду алардын ичинен төртөөсү балдар болгон жана тогуз киши да жаракат алды.

Сахалин аралындагы Тымовское шаарында беш  кабаттуу үйдүн төртүнчү кабатында катуу жарылуу болду.

Жалпысынан 33 тургун жашаган имараттын бир бөлүгү жарылуунун таасири менен урады.

Аймакка Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин топтору жөнөтүлдү.

60 адамдан турган куткаруу тобу имараттагы адамдарды эвакуациялап,  урандылардын астынан издөө иштерин да башташты.

Ушул кезге чейин тогуз кишинин анын ичинен төрт баланын жансыз денесин тапкан топтор жаралуу  тогуз кишини да уранды астынан чыгарды. 

Сахалин аймактык губернатору Валерий Лимаренко берген билдирүүсүндө : "Каза болгондордун саны тогуз болду алардын төртөөсү балдар. Имараттын эң астыңкы кабатына чейин түштүк. Уранды астында дагы бир кишинин болуу ыктымалы бар",- деди. 

Урандыдан чыгарылган бир кишинин операция болорун айткан Лимаренко 8 жаралуунун абалында коркунучтун жок экендигин билдирди. 

Лимаренко жарылуунун газдын чыгышынан улам болуу ыктымалдыгын карап жатышканын айтты.

Россиянын Тергөө комитети жарылуу боюнча иликтөө баштады.

 

 



Тектеш кабарлар