Столтенберг Сербия менен Косовону чыңалууну күчөтпөөгө чакырды

Йенс Столтенберг, Сербиянын президенти Александр Вучич менен Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТОнун борборундагы жолугушуусунан кийин өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөдү.

1869379
Столтенберг Сербия менен Косовону чыңалууну күчөтпөөгө чакырды

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Сербия менен Косовону чыңалууну күчөтпөөгө чакырып, НАТО стабилдүүлүктү сактоо үчүн кийлигишүүгө даяр экенин билдирди.

Йенс Столтенберг, Сербиянын президенти Александр Вучич менен Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТОнун борборундагы жолугушуусунан кийин өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында Косово менен Сербиянын ортосундагы акыркы айларда болгон чыңалууну басаңдатууга чакырды.

Столтенберг акыркы күндөрү жер-жерлерде абал жакшырганын белгилеп, Белград менен Приштина чыңалуунун күчөшүнө жол бербөө үчүн жоопкерчиликтүү экенин белгиледи. Тараптарды сабырдуулукка чакырган Столтенберг: «НАТО кырдаалга кылдат байкоо жүргүзүүнү улантууда. Биздин KFOR тынчтыкты сактоо миссиясы Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) тарабынан берилген ыйгарым укукка багытталган. Эгерде туруктуулукка коркунуч жаралса, KFOR кийлигишүүгө даяр. KFOR Косово эли үчүн коопсуз чөйрө жана кыймыл эркиндигин камсыздоо үчүн зарыл чараларды көрөт»,-деди.

Столтенберг Сербия менен Косовонун пикир келишпестиктерин чечүү үчүн диалог түзүшү керектигин баса белгилеп, Европа Биримдиги (ЕБ) көмөктөшкөн Белград-Приштина диалог процессин колдогондорун, тараптардын бул процессте конструктивдүү болушу керектигин айтты.

Вучич ошондой эле Косово менен дээрлик бардык маселелер боюнча пикир келишпестиктер бар экенин билдирип: «Биз чыңалууну күчөтпөөнү же кандайдыр бир чыр-чатактын болтурбоону каалайбыз»,-деди.

Серб лидери НАТОнун Косоводогу ролун урматтаарын жана НАТО менен кызматташтыкты арттырууну кааларын билдирди.

 



Тектеш кабарлар