Непалдагы жол кырсыгы: 13 адам каза болуп, 19 адам жаракат алды

Окуядан кийин билдирүү жасаган полиция кырсыктын себептери азырынча тактала электигин кабарлады.

1852333
Непалдагы жол кырсыгы: 13 адам каза болуп, 19 адам жаракат алды

Непалдын Рамечхап аймагындагы жол кырсыгынан 13 адам каза болуп, 19 адам жаракат алды.

Рамечхап аймагында борбор шаар Катмандуга бара жаткан жүргүнчү ташыган автобус кырсыкка учурады.

Аймактын полициясы Радж Кумар Тэнг жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:00 чамасында болгон кырсыкта 9 кишинин окуя болгон жерде каза болгонун жана 4 кишинин Дулихел ооруканасында дарыланып жатканда каза болгонун билдирди.

Кырсыктан жабыркаган 19 адамдын ооруканада дарылануусу уланууда.

Окуядан кийин билдирүү жасаган полиция кырсыктын себептери азырынча тактала электигин кабарлады.


Этикеткалар: #Непалдын Рамечхап

Тектеш кабарлар