Одессада каза болгондордун саны 21ге жетти

Орус күчтөрү аткан бир турак жай жана бир эс алуу комплексиндеги  уранды аянттарындагы издөө -  куткаруу иштери улантылууда.

1850988
Одессада каза болгондордун саны 21ге жетти
odessa saldiri1.jpg
odessa saldiri.jpg

Кечээ Украинанын Одесса аймагына караштуу Сергеевка районуна орус күчтөрү тарабынан 2 ракета менен жасалган  кол салууда каза болгондордун саны 21ге жетти. 

Орус күчтөрү аткан бир турак жай жана бир эс алуу комплексиндеги  уранды аянттарындагы издөө -  куткаруу иштери улантылууда. 

Ишти көзөмөлдөгөн Украинанын Өзгөчө кырдаалдар мамлекеттик кызматынын Одесса бөлүмүнүн башчысынын орун басары полковник Игорь Будаленко орус күчтөрү тарабынан учурулган эки ракетанын Сергеевкада  калк жашаган жана бири-бирине абдан жакын болгон имараттарга келип түшкөндүгүн жана бул жердеги инфраструктуранын зыян тартканын айтты.

Ракеталардын биринин 9 кабаттуу үйгө, экинчисинин үйгө 300 метр алыстыкта ​​жайгашкан эс алуучу жайга түшкөнүн белгилеген Будаленко,  21 кишинин каза болгондугун алардын арасында 12 жаштагы баланын да бар экендигин маалымдады. 

Кол салуулардын натыйжасында 38 жарандын жаралангандыгын алардын ичинен экөөсүнн бала экендигин,  жаралуулардын  аймактагы ооруканаларга жеткирилгенин белгилеген Будаленко, колдогу маалыматтарга караганда урандылардын астында эч кимдин калбаганын болжолдогондорун, бирок издөө-куткаруу иштери уланып жатканын айтты.

 



Тектеш кабарлар