Афганистанда 1, 2 миллион кыз орто билим ала албай жатат

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет БУУнун Адам укуктары кеңешинин 50 -  сессиясынын негизинде "Афганистанда аялдар менен кыздардын укуктары" боюнча өткөн атайын сессияда сөз сүйлөдү.

1851018
Афганистанда  1, 2 миллион  кыз орто билим ала албай жатат

Афганистанда 1,2 миллион кыз орто билим алууну уланта албай жатат.

БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет БУУнун Адам укуктары кеңешинин 50 -  сессиясынын негизинде "Афганистанда аялдар менен кыздардын укуктары" боюнча өткөн атайын сессияда сөз сүйлөдү. 

Бачелет Афганистандагы экономикалык депрессиядан улам "Аялдар башкарган үйдүн калкынын  90 пайызынын ачарчылыктан же азык-түлүк коопсуздугунан жабыркап жатканын" белгиледи.

Бардык кесиптеги аялдарга карата зомбулуктун көбөйгөнүн баса белгилеген Бачелет  аялдардын кийинүү жана кыймылдарына  карата чектөөлөрдүн  аялдардын арасында психологиялык ооруларды алып келерин баса белгиледи.

Бачелет : "Өлкөнүн экономикасы  кыйроого учурагандыктан, жумушсуз аялдардын саны кескин өсүп, көптөгөн аялдар башкарган ишканалар жабылды",-  деди.  

Талибан убактылуу өкмөтүнүн берген убадаларына карабастан аялдардын билим алуу куктарына карата чектөөлөрдүн уланып жаткандыгына көңүлдөрдү бурган Бачелет : "1,2 миллион кыз орто билимин алууну уланта албай жатат",- деди. 

Бачелет так  өзгөртүүлөр болбосо Афганистандагы аялдарды караңгы келечектин  күтүп жаткандыгын белгилеп, Талибан убактылуу өкмөтүнө "аялдардын чакырууларына кулак салып конструктивдүү диалог үчүн чөйрө түзүүгө" жана "кыздардын орто билимин улантуусуна мүмкүнчүлүк түзүүгө"  чакырды.

 

 



Тектеш кабарлар