Зеленский НАТОнун саммитинде лидерлерге кайрылды

Орусия өтө агрессивдүү болуп жатканда дүйнөнүн абдан эр жүрөк альянска муктаж экенин белгилеген Зеленский, Орусиянын буталарынын «белгилүү» жана «ачык» экенин айтты.

1849898
Зеленский НАТОнун саммитинде лидерлерге кайрылды

Украинанын президенти Владимир Зеленский Испаниянын борбор шаары Мадридде өткөн НАТОнун саммитинде лидерлерге кайрылып: «Жалпы коопсуздук тармагында Украина үчүн орун табышыңар керек»,-деди.

Орусия өтө агрессивдүү болуп жатканда дүйнөнүн абдан эр жүрөк альянска муктаж экенин белгилеген Зеленский, Орусиянын буталарынын «белгилүү» жана «ачык» экенин айтты.

Орус жетекчилигинин дүйнөнү башкача көргөнүн белгилеген Зеленский: «Маселен, алар Литваны альянсыңыздын мүчөсү катары эмес, Советтер Союзунун бир республикасы катары көрүшөт./.../ Орусия менен кошуна болгон ар бир мамлекет үчүн да ушундай. Бир кезде Москванын таасири астында болгон ар бир мамлекет үчүн»,- деди.

Зеленский согуш башталган 24-февралдан бери Украинага каршы 2800дөн ашык ракета учурулганын жана алардын басымдуу көпчүлүгү карапайым калкты бутага алганын баса белгилеп: «Орус армиясы, мүмкүн болушунча көп адамдын шаарларды таштап кетүүсү үчүн бардыгын жасап жатат»,-деп айтты.

Украинанын Финляндия менен Швециянын альянска кошулуу чечимин кубаттаганын, мунун Орусиянын бул мамлекеттерге каршы чара көргөнгө чейин ишке ашканы абдан жакшы болгонун билдирген Зеленский: «Бул жөн гана Орусиянын Украинага каршы согушу эмес, Европадагы шарттарды дикталоо укугу үчүн күрөш. Ошондуктан Орусиянын согушту каржылоо күчүн токтото турган мындай санкциялар Украинаны азыр да курал-жарак, финансылык жана саясий жактан колдоонун абсолюттук зарылчылыгы болуп саналат. Украинага заманбап ракеталык жана абадан коргонуу системалары керек, сиздерде бул системалар бар. Бизге буларды берүү менен Орусиянын шаарларды талкалап, Украинанын карапайым калкын коркутуу тактикасын толугу менен буза аласыздар»,-деди.

Зеленский: «Биздин бардык союздаштарыбыз менен Чыгыштагы коңшуларыбыз Украинанын НАТОго мүчө болушун жактап жатканы кокустукпу? Жок, бул кокустук эмес. Бул логика. Бизге коопсуздук кепилдигинин керек экенин айта алам жана жалпы коопсуздук тармагында Украина үчүн орун табышыңыз керек»,- деп билдирди.



Тектеш кабарлар