Орусиянын Украинадагы аскердик аракеттери, Кременчуктагы жарылуу...

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков борбор шаар Москвада орус армиясынын өлкөсү 24-февралда Украинага каршы баштаган согуштагы аракеттери тууралуу билдирүү жасады.

1849389
Орусиянын Украинадагы аскердик аракеттери, Кременчуктагы жарылуу...

Орусия Украинанын Кременчук шаарында АКШ жана Европа өлкөлөрү тарабынан жеткирилген курал жана ок-дарылардын атылганын жарыялады.

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков борбор шаар Москвада орус армиясынын өлкөсү 24-февралда Украинага каршы баштаган согуштагы аракеттери тууралуу билдирүү жасады.

Украин күчтөрү «олуттуу» жоготууларга учураганын айткан Конашенков: «Орусиянын Аэрокосмостук коргонуу күчтөрүнүн Харьковдогу Азов батальонунун штабына жана 92-мотоаткычтар бригадасына жасаган чабуулунун натыйжасында 100дөн ашык украиналык жоокер, чет элдик жалданма аскерлер жана 15 бронетехника жок кылынды»,-деп айтты..

Конашенков орус армиясынын Украинадагы аскерий элементтерге каршы чабуулдарын улантып жатканын белгилеп,буларды айтты: «Полтава облусунун Кременчук шаарында АКШ жана Европа өлкөлөрүнөн келген курал-жарак жана ок-дарылар сакталган ангарлар кечээ Орусиянын Аэрокосмикалык коргонуу күчтөрү тарабынан абадан жогорку тактыктагы куралдар менен аткыланды. Чабуулдун натыйжасында Батыш өндүрүшүнөн алынган Донбасстагы украин аскерлерине жиберүү үчүн сакталган курал-жарак жана ок-дарылар атылды. Ок-дарылардын жарылышы жакын жердеги иштебей турган соода борборунда өрттүн чыгышына себеп болду».

Акыркы 24 саатта украин армиясынын Донецк аймагындагы 2 административдик борбору менен Луганск аймагындагы украин аскерлери менен аскердик техникасынын жок кылынганын белгилеген Конашенков, Орусиянын абадан согуштук тактикалык бөлүкчөлөрүнүн 24 башкаруу борбору менен аскер жана аскердик техникасын жок кылганын айтты.

Украинага таандык 3 даана «Су-25» үлгүсүндөгү согуштук учак, «Ми-8» үлгүсүндөгү тик учак жана 9 даана учкучсуз учуучу аппарат атып түшүрүлгөнүн белгилеген Конашенков, 7 «Точка-У» баллистикалык ракетасынын колго түшүрүлгөнүн билдирди.

Конашенков : «Украинада ушул убакка дейре 218 учак, 133 тик учак, 1382 учкучсуз учуучу аппарат, 350 абадан коргонуу ракета системасы, 3837 танк жана брондолгон унаа, 690 көп стволдуу ракета аткычтар, 3 миң 37 гаубицалар жана минометтор, 3037 гаубицалар жана минометтор, 3889 атайын аскердик унаа жана курал-жарактар жок кылынды»,-деди.



Тектеш кабарлар