НАСА космостук унааны Айдын орбитасына учурду
НАСАнын интернет сайтынан берилген маалыматка караганда ракета кечээ Жаңы Зеландиянын Махиа жарым аралындагы Ракета лабораториясынын учуруу комплекси 1ден учурулду.
Американын авиация жана космостук мекемеси НАСАнын Айды изилдей турган жаңы спутниги келечектеги космостук станциясынын орбитасын сыноо үчүн учурулду.
НАСАнын интернет сайтынан берилген маалыматка караганда ракета кечээ Жаңы Зеландиянын Махиа жарым аралындагы Ракета лабораториясынын учуруу комплекси 1ден учурулду.
Rocket Lab Photon спутник платформасы тарабынан ташылган микротолкундуу меш өлчөмүндөгү CAPSTONE космос кемесинин болжол менен 25 килограмм салмакта экени белгиленди.
«CubeSat» категориясындагы спутниктин чогулта турган маалыматтарды НАСАга жөнөтүшү жана адамзаттын Айга кайрадан конушу үчүн керектүү алдын ала маалыматтарды бериши күтүлүүдө.
CAPSTONEнин 13-ноябрда Айга келери болжолдолууда жана маалыматтарды чогултуу үчүн Айды кеминде алты ай айлануусу күтүлүүдө.