Украинанын  президенти Владимир Зеленский Кременчук кол салуусу тууралуу маалымат берди

Кол салууда 16 адам каза болуп, 59 адам жаракат алды.

1849139
Украинанын  президенти Владимир Зеленский Кременчук кол салуусу тууралуу маалымат берди

Украинанын  президенти Владимир Зеленский орус күчтөрүнүн Кременчукта 1000ден ашуун жаран болгон соода борборун аткандыгын жарыялады. Кол салууда 16 адам каза болуп, 59 адам жаракат алды. 

Зеленский Telegram  каналынан берген маалыматта Полтава аймагында Кременчук шаарындагы соода борборунун орус күчтөрү тарабынан ракеталар менен атылгандыгына көңүлдөрдү буруп : «Бул террордон башка эч нерсе эмес. Жер жүзүндө болбошу керек болгон, башы бузук террористтер гана ушундай ракеталар менен ата алат. Бул жаңылыштык менен жасалган ракеталык  кол салуу эмес. Бул соода борборуна абдан жакшы пландаштырылган орус кол салуусу»,- деди.

Орус армиясынын Харьков шаарына да кол салганын, 5 кишинин каза болгонун, 30дан ашуун кишинин жараланганын алардын ичинен бешөөсүнүн балдар экендигин белгилеген Зеленский Россиянын Украина аймагына 2800дөй ракета учурганын бөлүштү.

Зеленский : «Россия дүйнөнүн эң чоң террору абалына келди. Бул бир чындык. Мунун мыйзамдуу тарабы болушу керек.  Дүйнөдө баары орус мунайын сатып алып, орус банктары менен иштеши, орус мамлекетине салык төлөө  террористтерге акча берүү деген мааниге келгендигин билиши керек. Дүйнө орус террорун токтото алат жана токтотушу керек»,- деди.

 



Тектеш кабарлар