Салливан Мадридде Эрдоган менен Байдендин жолугушуусу мүмкүн экенин айтты

Жейк Салливан G7 (эң өнүккөн экономикасы бар 7 өлкө) саммити өткөн Германияда америкалык журналисттерге билдирүү жасады.

1848836
Салливан Мадридде Эрдоган менен Байдендин  жолугушуусу мүмкүн экенин айтты

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан АКШнын президенти Жо Байдендин НАТО саммитинин алкагында президент Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу мүмкүн экенин айтты.

Жейк Салливан G7 (эң өнүккөн экономикасы бар 7 өлкө) саммити өткөн Германияда америкалык журналисттерге билдирүү жасады.

Испаниянын борбор шаары Мадридде эртең баштала турган НАТО саммитинин эң маанилүү темаларынын бири Финляндия менен Швециянын альянска катышуусу болорун белгилеген Салливан, бул жагынан Түркиянын билдирген көйгөйлөрүн да сүйлөшө тургандарын белгиледи.

Салливан, президент Эрдоган менен Байдендин ортосунда мүмкүн болуучу эки тараптуу жолугушуу мүмкүнчүлүгү тууралуу: «Учурда белгиленген график жок. Бирок кийинки 24 саатта эмне болорун көрөбүз, кандайдыр бир активдүүлүк бар»,-деди.



Тектеш кабарлар