Иранда жер титреди

Жер титирөөнүн жердин 10 километр тереңдигинде болгону айтылды.

1848314
Иранда жер титреди

Ирандын түштүк-чыгышындагы Керман провинциясында күчү 5,4 баллга жеткен жер титирөө болду.

Ирандын расмий маалымат агенттиги IRNA билдиргендей, эпицентри Керман провинциясынын Равер районунда болгон 5,4 баллдык жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:37де катталган.

Жер титирөөнүн жердин 10 километр тереңдигинде болгону айтылды.

Азырынча каза болгондор, жаракат алгандар жана материалдык зыяндар боюнча эч кандай билдирүү боло элек.



Тектеш кабарлар