Африка Биримдиги террор менен күрөшүүгө чара издөөдө

Африка Биримдиги Комиссиясынын төрагасы Муса Факи Мухаммед Экватордук Гвинеянын борбор шаары Малабодо өткөрүлгөн Кезексиз терроризм жана конституцияга каршы өкмөт алмашуу саммитинде сөз сүйлөдү.

1834116
Африка Биримдиги террор менен күрөшүүгө чара издөөдө

Африка Биримдиги Комиссиясынын төрагасы Муса Факи Мухаммед бардык чараларга жана аракеттерге карабастан континентте террордун жайылышын улантып жатканын белгиледи.

Экватордук Гвинеянын борбор шаары Малабодо өткөрүлгөн Кезексиз терроризм жана конституцияга каршы өкмөт алмашуу саммитинде сүйлөгөн сөзүндө Сахел аймагы, Сомали, Мозамбик, Гвинея булуңу, Конго Демократиялык Республикасы, Ливия жана Мали сыяктуу өлкөлөрдөгү террордук кыймылдарга жооп кайтарылганы, бирок террордун жакынкы өтмүштө дагы башка аймактарга жайылышын улантканын белгиледи.

Террор менен күрөшүүдө эл аралык коомчулуктун Африкага жетишээрлик колдоо көрсөтпөгөнүн белгилеген Мухаммед, террордук уюм ДЕАШты Жакынкы Чыгыштан чыгаруу үчүн жарыяланган мобилизациянын Африка континентинде байкалбаганын баса белгиледи.

Континентте акыркы жылдарда көрүлгөн төңкөрүштөрдүн кабыл алынгыс экенин белгилеген Мухаммед, демократиялык мекемелердин корголушу социалдык жана экономикалык ырааттуулуктун бир зарылчылыгы экенин айтты.

Анголанын президенти Мануэль Гонсалвес Лоуренчо терроризм байкалган өлкөлөрдүн ошол эле учурда жакырчылыкка түртүлгөнүнө көңүл буруп: «Террордук окуялар да социалдык жана демократиялык өнүгүүгө тоскоол болууда», - деди.

Төңкөрүштөрдүн саясий жетишкендиктерди жоготууга алып келгенин белгилеген Лоуренчо, Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин курулган дүйнө тартибин өзгөртүү жана Бириккен Улуттар Уюмунун реформа жасалышына чакырык таштады.



Тектеш кабарлар