Россия гипер үндүү "Циркон" ракетасын сынады

Баренц деңизинде «Советтер союзунун деңиз флотунун адмиралы Горшков» фрегатынан «Циркон» гипер үндүү канаттуу ракетасы менен сыноо атышынын аткарылгандыгы белгиленди.

1834044
Россия  гипер үндүү "Циркон" ракетасын сынады

Орус армиясы Баренц деңизинде гипер үндүү "Циркон" ракетасын сыноодон өткөрдү.

Россиянын Коргоо министрлигинен берилген маалыматта  Баренц деңизинде «Советтер союзунун деңиз флотунун адмиралы Горшков» фрегатынан «Циркон» гипер үндүү канаттуу ракетасы менен сыноо атышынын аткарылгандыгы белгиленди.

Сыноо атышынын жаңы курал түрлөрүнүн сыналышынын негизинде ишке ашырлгандыгы билдирилген маалыматта «Циркон» ракетасынын 1000 километрдик алыстыктагы бир деңиз бутасын ийгиликтүү аткандыгы, ракетанын учушунун белгиленген параметрлерге туура келгендиги айтылды.

Россиянын Коргоо министрлиги өткөн жылы «Циркондун» биринчи жолу бир кемеден сыноо атышынын ишке ашарылгандыгын маалымдаган.



Тектеш кабарлар