Финляндиянын премьер - министри Украинада

Киевдин жакындарындагы  Буча жана Ирпин шаарлары Россия баштаган согуштан  терең жараат алуусу менен көңүлдөрдү бурууда.

1833192
Финляндиянын премьер  - министри Украинада

Финляндиянын премьер-министри Санна Марин Украинанын борбор шаары Киевге жакын жердеги Буча жана Ирпин шаарларында Россия баштаган согуштун  жарааттарын көрдү.

Ирпин шаардык кеңешинин билдирүүсүндө Мариндин шаарда иликтөө иштерин жүргүзгөнү, ошондой эле жергиликтүү бийлик менен шаарды калыбына келтирүүгө жардам берүү маселелерин талкуулаганы белгиленди.

Киевдин жакындарындагы  Буча жана Ирпин шаарлары Россия баштаган согуштан  терең жараат алуусу менен көңүлдөрдү бурууда. 

Буча шаарын орус күчтөрүнөн 1 -  апрелде  куткарган Украина армиясы имараттары кыйраган, көчөлөрү сөөккө толгон бир шаар менен беттешкен. Киев жакындарында куткарылган отурукташуу жерлеринде 410 жарандын сөөгү табылган. 


 

 



Тектеш кабарлар