Сирия тема болгон Астана сүйлөшүүлөрү Казакстанда өтөт

Сирия тема болгон  18 -  Астана сүйлөшүүлөрү 14 - 16 -  июнда Казакстандын борбор шаары Нур  -  Султанда өтөт.

1831513
Сирия тема болгон Астана сүйлөшүүлөрү Казакстанда өтөт

Сирия тема болгон   Астана сүйлөшүүлөрүнүн 18 -  жыйыны  14 - 16 -  июнда Казакстандын борбор шаары Нур  -  Султанда өтөт. 

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айбек Смадияров Түркия, Россия жана Ирандын кепилдиги менен Сирия кризисин чечүү үчүн курулган Астана сүйлөшүүлөрүнүн келерки айда Казакстанда өтөөрүн билдирди.

Смадияров 14-16-июнь күндөрү өткөрүлүшү пландалган сүйлөшүүлөрдүн борбор шаар Нур-Султанда ишке ашарын,  учурда министрликтин Астана сүйлөшүүлөрүнө кепил болгон өлкөлөрдүн жана байкоочу статусундагы өлкөлөрдүн катышуусун бекитүү үчүн процессти баштатышкандарын жарыялады. 

Акыркы жолу 2021-жылдын 21-22-декабрында өткөн Сирия боюнча Астана сүйлөшүүлөрүнүн 17 -  жыйынында  Сириядагы акуталдуу абал, гуманитардык жардамдын жеткирилиши, Сириянын Конституциялык комитетинин Женевадагы ишин жандантуу, туткундарды алмашуу, барымтадагыларды бошотуу жана дайынсыз жоголгондорду издөө менен башка чаралар күн тартибинин негизги маселелери болгон.

 

 



Тектеш кабарлар