Орусия «Искандер-М» ракетасын Брест аймагына жайгаштырды, Украинадагы орус армиясынын жоготуулары...

Украинанын Башкы штабынын билдирүүсүндө, согуштун 90-күнүндө Беларусь чек арасынан Украинага карай ракеталык жана абадан кол салуу коркунучунун күчөгөнү белгиленди.

1831588
Орусия «Искандер-М» ракетасын Брест аймагына жайгаштырды, Украинадагы орус армиясынын жоготуулары...
Harikv Ukrayna1.jpg
rusya-ukrayna.jpg

Украина Беларусь менен чек арасына 50 километр алыстыктагы Брест аймагына Орусия тарабынан «Искандер-М» оперативдүү-тактикалык ракеталык комплекстери жайгаштырылганын жарыялады.

Украинанын Башкы штабынын билдирүүсүндө, согуштун 90-күнүндө Беларусь чек арасынан Украинага карай ракеталык жана абадан кол салуу коркунучунун күчөгөнү белгиленди.

Билдирүүдө,«Агрессор «Искандер-М» оперативдүү-тактикалык ракеталык комплекстерин Беларустун Брест облусуна Украинанын мамлекеттик чек арасынан 50 километрге чейинки аралыкта жайгаштырган», деп айтылат.

Орус аскерлеринин Запорожье аймагындагы тактикалык позициясын жакшыртканына көңүл бурулган билдирүүдө, «Запорожье багытында баскынчылар Васильевка-Каменское тарапка карай чабуул операцияларын улантуу үчүн аскерлерди чыңдап жатышат»,делди.

Билдирүүдө өлкөнүн чыгыш бөлүгү кагылышуу күчөгөн аймак бойдон калганы жана акыркы 24 сааттын ичинде украин армиясы тарабынан Донецк жана Луганск багытында душмандын 16 чабуулунун мизи майтарылганы, 8 танк жана  22 бронетехника жок кылынганы белгиленди.

Украинанын Башкы штабынын башка билдирүүсүндө 24-февралдан 24-майга чейин болгон согушта орус армиясынын жоготуулары тууралуу маалыматтар жаңыланды.

Ага ылайык, Украинанын аймагында 29 350 орус аскери набыт болгон.

Мындан тышкары 205 учак, 170 тик учак, 1302 танк, 3194 бронетехника, 112 ракета, 606 ракета учуруучу система жана 93 абадан коргонуу системасы жок кылынды.

Орус күчтөрү ошондой эле 2213 унаасын, 13 кеме жана ылдам жүрүүчү жеңил кайыктарын жана 480 учкучсуз учуучу аппаратын жоготту.

Орусиянын Коргоо министрлигинин 25-марттагы билдирүүсүндө Украинада 1351 орус аскеринин каза болгондугу белгиленген болчу.



Тектеш кабарлар