Орусиянын БУУдагы туруктуу катчысынын орун басары Бондарев отставкага кетти

Бондарев кызматтан кетүү тууралуу арызын социалдык медиа аркылуу бөлүштү.

1831144
Орусиянын БУУдагы туруктуу катчысынын орун басары Бондарев отставкага кетти

Орусиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) Женевадагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн катчысынын орун басары Борис Бондарев өлкөсүнүн Украинага кол салууларынан улам кызматтан кеткенин жарыялады.

Кызматтан кетүү тууралуу арызын социалдык медиа аркылуу бөлүшкөн Бондарев: «20 жылдык дипломатиялык карьерамда мен тышкы саясатыбызда көптөгөн өзгөрүүлөрдү көрдүм, бирок 24-февралга (согуш башталгандан) чейин өлкөм үчүн эч качан мынчалык уят болгон эмесмин»,-деди.

Борис Бондарев Орусия-Украина согушуна токтолуп: «Мен мындан ары бул кандуу, акылсыз жана керексиз маскаралыктын бир бөлүгү боло албайм»,-деп айтты.

Бондарев Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун 18 жылдын ичинде «ийгиликтүү дипломаттан дүйнөгө коркунуч туудурган жана чыр-чатактарды жарыялаган адамга айланганын» айтты.

Бондарев: «(Тышкы иштер) министрликтин мындан ары дипломатияга эч кандай тиешеси жок. Бул жер толугу менен согушту тутандыруунун, калптын жана жек көрүүнүн борборуна айланды»,-деп өз баасын берди.



Тектеш кабарлар