Сириядагы Хол лагеринде 10 миң бала жана аял абак шарттарында кармалууда

Мартин Гриффитс өлкөлөрдү өз жарандарын Хол лагеринен тез арада кайтарып алууга чакырды.

1830096
Сириядагы Хол лагеринде 10  миң бала жана аял абак шарттарында кармалууда

Сириянын түндүк-чыгышындагы Хол лагеринде 10 миң бала жана аялдын абак шарттарында кармалып жатканы билдирилди.

Бириккен Улуттар Уюмунун  баш катчысынын гуманитардык иштер боюнча орун басары Мартин Гриффитс БУУнун Коопсуздук Кеңешине берген брифингинде ДЕАШ террористтери менен алардын үй-бүлөлөрү жана кагылышуулардан качкан жарандар кармалып турган Хол лагериндеги гуманитардык абалдын «уялтуучу» экенин айтты.

Көпчүлүгү аялдар менен балдар болгон, 56 миң киши жайгашкан лагерде болжол менен 10 миңге жакын бала жана аялдын абак шарттарында кармалганын белгилеген Гриффитс коргоого жана негизги кызматтарга муктаж болгон балдардын эркиндикке чыгышы керектигин айтты.

Мартин Гриффитс өлкөлөрдү өз жарандарын Хол лагеринен тез арада кайтарып алууга чакырды.

БУУнун маалыматына караганда, Ирактын жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККнын көзөмөлүндөгү Хасака облусунун чек арасында жайгашкан Хол лагеринде кармалгандардын көбүн аялдар жана балдар түзөт. Алардын 15 пайызын чет элдик жарандар экени айтылууда.

Бул лагерде 50гө жакын өлкөдөн келген бир канча миң чет элдик ДЕАШ мүчөсү бар. Европа өлкөлөрү негизинен европалык террорчу согушкерлердин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн кайтып келишин жылуу кабыл албай жатат.



Тектеш кабарлар