Израиль Женинге кол салды

Израиль армиясы басып алган Батыш Шерианын түндүгүндөгү Женин шаарына жасаган кол салууда  бир палестиналыкты өлтүрүп, бирөөсүн жаралады.

1830058
Израиль Женинге кол салды

Израиль армиясы басып алган Батыш Шерианын түндүгүндөгү Женин шаарына жасаган кол салууда  бир палестиналыкты өлтүрүп, бирөөсүн жаралады.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Израиль аскерлеринин Женинге жасаган кол салуусунда 17 жаштагы өспүрүмдүн каза болгону, 18 жаштагы өспүрүмдүн оор жаракат алганы белгиленди.

Женин шаарындагы Ибин Сина ооруканасынын директору Кани Эбу Жуха да эки кишинин ооруканага жеткирилгенин, биринин көкүрөгүнөн оор жаракат алганын айтты.

Эбу Жуха көкүрөгүнөн оор жаракат алган адамдын бардык жардамдарга карабастан куткарыла албаганын айтты.

Израил армиясы Женин шаарына жасалган кол салууга байланыштуу азырынча билдирүү жасай элек.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиргенине караганда Израиль армиясы бул жылдын башынан бери Батыш Шериа, Чыгыш Кудс жана Газа тилкесинде 55 палестиналыкты өлтүрдү.

 

 

 



Тектеш кабарлар