АКШ "Түркиянын Финляндия жана Швеция тууралуу тынчсызданууларын чечүүгө болот"

Жейк Салливан Байдендин Түштүк Корея жана Япония сапары учурунда президенттик учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди.

1829692
АКШ "Түркиянын Финляндия жана Швеция тууралуу тынчсызданууларын чечүүгө болот"

АКШнын Улуттук Коопсуздук  кеңешчиси Жейк Салливан Швеция жана Финляндиянын НАТОго мүчөлүгү тууралуу Түркия жана президент Режеп Таййип Эрдоган айткан  коопсуздук тынчсызданууларынын чечиле аларын айтты.

Жейк Салливан Байдендин Түштүк Корея жана Япония сапары учурунда президенттик учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди.

АКШнын президенти Жо Байдендин кечээ Швеция жана Финляндиянын лидерлери менен жолугушкандыгын айткан Салливан АКШнын бул эки өлкөнүн НАТОго мүчөлүк процессине толук колдоо көрсөткөндүгүн баса белгиледи. Салливан Түркиянын бул эки өлкөнүн НАТОго мүчөлүк процессине байланыштуу  мамилеси тууралуу : «Түркиянын Финляндия жана Швециянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу президент Эрдоган жана башка жетекчилер тарабынан билдирилген тынчсызданууларынын сүйлөшүү жолу менен чечиле аларына ишенебиз»,- деди.

Өзүнүн кесиптеши Ибрахим Калын менен АКШнын мамлекеттик катчысы  Энтони Блинкендин  тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен сүйлөшкөндүгүн эске салган Жейк Салливан : «Финляндиянын президенти менен Швециянын премьер  - министри президент Эрдоган жана командасы менен түздөн түз сүйлөшүү ниетинин бар экендигин айтты жана топтор сүйлөшүүлөрдү улантышат»,- деди.

Салливан маселенин чечилиши үчүн АКШнын түздөн түз президент Эрдоган менен сүйлөшүү ниетинин жок экендигин, бул маселенин негизинен Түркия менен Финляндия жана Швециянын ортосунда чечилиши керек болгон маселе экендигин белгиледи.



Тектеш кабарлар