Песков: «Украина үчүн активдерди пайдалануу - бул уурулук болот»

Песков баш калаа Москвада журналисттерге маалымат берди.

1828402
Песков: «Украина үчүн активдерди пайдалануу - бул уурулук болот»

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусиянын Борбордук банкынын тоңдурулган активдерин Украина үчүн колдонуу мүмкүнчүлүгүнө реакция көрсөтүп: «Бул түз эле уурулук болмок. Мындай чечим мыйзамсыз, ченемсиз жана албетте тиешелүү жоопту талап кылат»,-деди.

Баш калаа Москвада журналисттерге маалымат берген Песков Европадагы кээ бир саясатчылардын тоңдурулган Орусиянын Борбордук банкынын активдери Украина үчүн колдонулушу мүмкүн деген билдирүүлөрүнө баа берди.

Басма сөз катчысы Песков, бул ыктымалдык тууралуу кабардар болбогонун айтып: «Бул түз эле уурулук болмок. Мындай чечим мыйзамсыз, ченемсиз жана албетте тиешелүү жоопту талап кылат»,-деп айтты.

Песков Украина портторунан эгин ташыган кемелердин чыгышы да күн тартибинде экенин айтып: «Украина порттору катуу миналанган жана кемелер үчүн өтө кооптуу. Ал жерге минадан тазалоо операциясы керек. Негизинен бул аймактарда навигация коркунучу өтө жогору»,-деди.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул кое баштаган.



Тектеш кабарлар