Орус армиясынын Украинадагы кыймыл-аракеттери...

Конашенков орус армиясынын Украинадагы согуштагы кыймыл-аракети тууралуу маалымат берди.

1827735
Орус армиясынын Украинадагы кыймыл-аракеттери...

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Украинанын Жылан аралы менен Николаевдин айланасында 1 Су-24 жана 2 Су-25 согуштук учагын атып түшүрүшкөнүн билдирди.

Конашенков орус армиясынын Украинадагы согуштагы кыймыл-аракети тууралуу маалымат берди.

Орус аскер бөлүктөрүнүн Украинадагы чабуулдарынын уланып жатканын белгилеген Конашенков, бир күндө абадан учурулган жогорку тактыктагы ракеталар менен Украинанын куралдуу күчтөрүнө караштуу 72-механикалаштырылган бригаданын Харьков облусунун Цаповкадагы штабы да болгон 2 башкаруу борбору, Луганск, Донецк, Харьковдо кээ бир пункттардагы 5 ракеталык жана артиллериялык арсенал, 8 ок атуу пункту, аскердик бөлүктөр жана техникалык унаалар топтолгон 16 аймакка сокку урулганын айтты.

Игорь Конашенков бул операциялар менен 360тан ашуун украин улутчул куралдуу күчтөрү жана 78 аскердик унаа зыянсыздандырылды деп билдирди.

Орус абадан согуштук тактикалык бөлүктөрдүн 3 башкаруу борборун, 2 күйүүчү май кампасын, аскердик бөлүктөр жана техникалык унаалар топтолгон 104 аймакты жок кылганын белгилеген Конашенков, ракета жана артиллериялык бөлүктөрдүн аскерлер топтолгон 325 аймакка, 14 башкаруу борборуна жана 24 артиллериялык батареяга сокку урулганын айтты.

Орус басма сөз катчысы,"Орусиянын абадан коргонуу системалары менен Украинанын аба күчтөрүнө таандык 2 Су-25 үлгүсүндөгү согуштук учак Николаев облусунун Евгеновка жана Великая Камышеваха конуштарында абада атып түшүрүлдү. Мындан тышкары Жылан аралынын айланасында 1 даана Су-24 согуштук учагы жок кылынды...»,-деп айтты.

Луганск, Харьков жана Донецк аймактарында 10 Украинанын учкучсуз учуучу аппараты жана 2 Советтик үлгүдөгү Ту-143 Рейс учкучсуз чалгындоо учагынын атып түшүрүлгөнүн белгилеген Конашенков : «Учурда Украинага таандык 168 учак, 125 тик учак, 889 учкучсуз учуучу аппараттар, 307 абадан коргонуу ракета системасы, 3108 танк жана бронетранспортер, 381 көп стволдуу ракета аткычтар, 1529 гаубицалар жана минометтор, 2 949 атайын аскердик унаа жок кылынды», деген сөздү айтты.

Орус аскерлери 24-февралда Украинага чабуул койгон.



Тектеш кабарлар