Байден-Шольц сүйлөшүүсү

Байден менен Шольц Орусия жана Украина лидерлери менен жакынкы мезгилде өткөргөн сүйлөшүүлөрүн талкуулашты.

1780220
Байден-Шольц сүйлөшүүсү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден менен Германиянын канцлери Олаф Шольц Украинадагы чыңалуу боюнча телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда, Байден менен Шольц Орусия жана Украина лидерлери менен жакынкы мезгилде өткөргөн сүйлөшүүлөрүн талкуулашты.

Байден менен Шольц Украинанын эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө болгон убадаларын дагы бир жолу кайталап, Орусия Украинага кол салса Орусияга каршы дипломатиялык жана баш тарттыруучу аракеттерде трансатлантикалык координациянын жана НАТОнун чыгыш канатынын күчтөндүрүлүшүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурушту.



Тектеш кабарлар