Гутерриш: «Вакциналардын адилеттүү бөлүшүлүшү менен быйыл эпидемияны токтото алабыз»

Гутерриш АКШнын Нью-Йорк шаарында Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) Ковид-19га каршы глобалдык вакцина жана дарылоо программасы ACT Accelerator үчүн сөз сүйлөдү.

1776181
Гутерриш: «Вакциналардын адилеттүү бөлүшүлүшү менен быйыл эпидемияны токтото алабыз»

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш жаңы түрдөгү коронавируска каршы (Ковид-19) вакциналарды адилеттүү бөлүшүү менен быйыл эпидемияны токтотууга болорун билдирди.

Гутерриш АКШнын Нью-Йорк шаарында Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун (ДССУ) Ковид-19га каршы глобалдык вакцина жана дарылоо программасы ACT Accelerator үчүн сүйлөгөн сөзүндө эпидемиянын 3-жылында дүйнө Ковид-19 менен күрөшүүдө дагы эле өтө маанилүү максаттарга жете албаганын белгиледи.

«Вакцинациядагы теңсиздик - биздин замандын эң чоң адеп-ахлаксыздыгы жана анын чыгымын элдер жана өлкөлөр тартып жатышат»,-деп айткан Гутерриш Ковид-19 вакциналарынын адилет бөлүшүүсү менен эпидемия быйыл токтотулушу мүмкүн экенин белгиледи.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму өзүнүн глобалдык вакцина программасы менен ушул жылдын ортосуна чейин дүйнө калкынын 70 пайызын эмдөө үчүн 23 миллиард доллар каражат бөлүүгө чакырат.



Тектеш кабарлар