Жо Байден Ак үйдө Ал Санини тосуп алат

Жо Байден 31 - январда Ак үйдө тосуп ала турган  Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамед Ал Сани менен эки тараптуу жана аймактык көптөгөн темаларды сүйлөшөт.

1768376
Жо Байден Ак үйдө Ал Санини тосуп алат

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден 31 - январда Ак үйдө тосуп ала турган  Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамед Ал Сани менен эки тараптуу жана аймактык көптөгөн темаларды сүйлөшөт.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Байден Эмир Шейх Санини 31 - январда Ак үйдө тосуп алууну чыдамсыздык менен күтүп жатканын айтты.

Байден менен Ал Санинин көптөгөн эки тараптуу жана аймактык темаларды талкуулай турганын белгилеген Псаки, алардын арасында Перс булуңу менен Жакынкы Чыгыштын коопсуздугун жана жыргалчылыгын арттыруу, глобалдык энергия булактарынын ырааттуулугун камсыз кылуу, Афганистан калкын колдоо жана сооданы көбөйтүү, АКШ менен Катардын ортосундагы инвестициялык кызматташтык темалары бар экендигин билдирди.

Псаки билдирүүсүндө : "Байден Аль Саниге АКШ жарандарынын, тургундарынын жана афган өнөктөштөрүнүн Афганистандан коопсуз транзиттик өтүүсүн камсыздоо аракети үчүн ыраазычылык билдирет",- деп билдирди.



Тектеш кабарлар