БУУ Ооганстанга жардам берүүнү 8 миллиард долларга көтөрдү

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги брифингинде талиптер бийликти басып алгандан кийин Ооганстандагы кырдаал «пахта жибине байланганына» көңүл бурду.

1768866
БУУ Ооганстанга жардам берүүнү 8 миллиард долларга көтөрдү

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Ооганстанга мурдагы 4,4 миллиард долларлык жардам көрсөтүү талабын 8 миллиард долларга көбөйттү.

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги брифингинде талиптер бийликти басып алгандан кийин Ооганстандагы кырдаал «пахта жибине байланганына» көңүл бурду.

Гутерриш Ооганстандын экономикасы кыйроонун алдында турганын айтып: «Оогандар үчүн күнүмдүк жашоо тоңгон тозокко айланды», - деди.

Гутерриш Ооганстанда калктын жарымынан көбү ачарчылык менен бетме-бет келгенин жана акыркы 20 жылдын эң жаман кургакчылыгы 9 миллион адамды ачарчылыктын чегине жеткиргенин, калктын 80 пайыздан ашыгы таза сууга ичүүчү сууга жете албаганын белгиледи.

Ооган экономикасынын кыйрашы чоң бир көч толкунун алып келерин эскерткен Гутерреш, Ооганстандын тоңдурулган валюта резервдерин бошотууну жана Ооганстандын Борбордук банкын кайра иштетүүнү талап кылды.

Гутерриш Дүйнөлүк банкты Ооганстанды калыбына келтирүү үчүн калган 1,2 миллиард долларды тез арада бошотууга үндөдү.

Антониу Гутерриш: «Эгерде биз оогандыктарга бул бороонго туруштук берүүгө жардам бербесек, аймак жана дүйнө оор чыгымды төлөйт»,-деп айтты.

БУУнун Ооганстан боюнча атайын өкүлү Дебора Лайонс болсо алар мурда Ооганстанга 4,4 миллиард доллар жардам көрсөтүүгө чакырышканын, бирок кошумча 3,6 миллиард доллар керек экенин жана 2022-жылы 8 миллиард доллар керектелерин айтты.



Тектеш кабарлар